Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-марты № 1
2011-жылга айылдык кеңештин бюджетинин аткарылышы жана 2012 -жылга айылдык кеңешинин бюджетти бекитүү жана 2011-жылда калдык доходдун сметасын бекитүү жөнүндө
2011-жылга айылдык кеңештин бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга айылдык кеңешинин бюджетин бекитүү жана 2011-жылга калдык доходдун сметасын бекитүүнүн негизинде, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл депутаттарынын Казыбек айылдык Кеңешинин 2011-жылга карата бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Эл депутаттарынын Казыбек айылдык Кеңешинин 2012-жылдагы сессиянын чечимине ылайык 2011-жылдагы калдык доходдон 112,5 сомунун сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин:
Калдык доход 112,5
Жалпы доход 112,5
Жогорудагы аталган калдык доходдун чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй белгиленсин:
2211 Зарплата 41,8
2121 Соцфонд 7,2
2214 Транспорт чыгымы 5,0
2215 Ар турдуу чыгым 25,5
3112 Компьютер принтер 33,0
БААРЫ 112,5
1. Зарплата боюнча Казыбек айылынын калкынын саны көп болгондуктан жазында сугат учурунда Кошой арыктан жогорку каналдан түшүүчү сууларды айыл дыйкандарына бөлүштүрүү жана көчүү конууда элди нааразы кылбай мыйзам чегинде тейлеп берүүсү үчүн айыл өкмөтүнүн калдык акчасынын эсебинен Ш. Ыдырысовго 2000 сом, Абыловго 2000 сом, Ж. Оморовго 2000 сом 6 (алты) айга эмгек акысы төлөнүп берилсин. Казыбек айылдык кеңештин төрагасына ар бир өткөн сессияга 819 сом төлөнүп берилсин.
Командировкалык чыгым КААБ башчысына жана айылдык кеңештин төрагаларына жана айыл өкмөтүнүн муктаждыгы менен командировкага барган кызматкерлерге. Ар кандай чыгымдарга Айылдык Кеңешке жана айыл өкмөттүнө печать жазатуу үчүн конц. товар алуу жана компьютердин ремонтуна, картиджди заправкалоо, жалан документтер компьютер аркылуу болгондуктан даты бир компьютер принтер алуу үчүн, архивдик документтерге, көрнөк жарнакка, гул чыгарууга, карышкырларды жоготуу үчүн дары-дармекке туберкулез адамдарды санаторияга жиберүү үчүн жардамга, детсатка жана больницага жардам жана даталуу күндөргө кызыктыруу үчүн сыйлык берүү жана контордун жана көчөлөрдүн арыктардын ремонтуна, газеталарга жана жогору жактан келген китептерди алууга калдык доходдон төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышына контролдук жүргүзүү айыл өкмөтүнүн финансы экономика башчысы Э. Керималиевага милдеттендирилсин.
Төрага | М. Турганалиев |