Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-марты № 4
Казыбек айыл округуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндөгү Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун реабилитация долбооруна ылайык жайыт жерин ,өнөр жайынын транспортун, байланыштын, коргонуунун жерлери ж. б. багыттагы жерлер категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-январь 2008-жылдагы № 19 токтому менен бекиген «Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун)» тартиби жөнүндө жобону бекитуу туралуу токтомуну негизинде, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 22-январь 2008-жылдагы № 19 токтому менен бекиген «Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун)» тартиби жөнүндө жобону бекитуу туралуу токтомуна ылайык Казыбек айыл округуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндөгү Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун реабилитация долбооруна ылайык 531 чакырымындагы Таможня бекетинин кире бериш жериндеги жол боюнан 12 контурдагы - 1,24 га жайыт жерин өнөр жайынын транспортун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которулсун.
2. Казыбек айыл округуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндөгү Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун реабилитация долбооруна ылайык 531 чакырымындагы Таможная бекетинин кире бериш жериндеги жол боюнан № 12 контурдагы 4- 1,24 га жайыт жерин өнөр жайынын транспортун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу жөнүндөгү айылдык Кенештин токтомун бекитип берүү жагы тиешелуу жогорку органдардан суралсын.
Төрага | М. Турганалиев |