Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-марты № 8
Казыбек айыл округунда 1-2-3 группадагы мүлккө салык алуу жана жер салыгын алууну киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгу» 17-октябрь 2008-жылдагы № 231 мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктун ишке ашыруу учун жана жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүгүн көбөйтүү жана сактап калуу максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 1-январь айынан баштан Казыбек айыл округунун аймагынын ичинде төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргизилсин:
Айыл-чарба багытындагы жер салыгы, айыл-чарба багытына арналбаган жер салыгы, короо жанында жана багбанчылык-огород участкаларынан алынуучу салык;
1-2-3 группадагы мүлк салыгы;
2. Салыктардын эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын салык Кодексииин негизинде жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун бир нускасы Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | М. Турганалиев |