Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-марты № 9
Айыл округунун 2012-жылдын бюджетинен Н.Усөналиев орто мектебине жана «Жеткинчек» бала бакчасына акча бөлүп берүү «Орто-Келтебик» СООППВнын тарифинин негизинде СООППВ да иштегендердин айлыгын көбөйтүү, үйүнө суу киргизүү үчүн айыл тургундары СООППВнын уруксаты менен жана сууга төлөнүүчү суммасын бекитүү жөнүндө
Айыл округунун 2012-жылдын бюджетинен Н.Усеналиев орто мектебине жана «Жеткинчек» бала бакчасына акча бөлүп берүү, «Орто-Келтебик» СООЦПВнын тарифинин негизинде СООППВ да иштегендердин айлыгын көбөйтүү, үйүнө суу киргизүү үчүн айыл тургундары СООППВнын уруксаты менен жана сууга төлөнүүчү суммасын бекитүү үчүн айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылга жылытуу системасы жана гигиеналык тазалыкты сактоо үчүн айыл округунун бюджетинен Н.Усөналиев орто мектебине 10000 сом жана «Жеткинчек» бала бакчасына 5000 сом чыгымдарга кетүүчү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. «Орто-Келтебик» СООППВнын тарифинин негизинде «Орто-Келтебик» СООППВда иштегендердин айлыгы көбөйтүлсүн.
3. Үйүнө суу киргизүү үчүн айыл тургундары СООППВнын уруксаты менен 3000 сом төлөнсүн жана ар бир айда, ар бир жан үчүн 20 сомдон төлөнүп турсун
4. Токтомду аткаруу жагы ФЭБ башчысы Э.Керималиевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду аткаруу жагы СООППВнын жетекчиси Т.Абдыгазиевге тапшырылсын.
Төрага | М. Турганалиев |