Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-марты № 12
Арыктын жээгиндеги күлдү чыгаруу жөнүндө
Казыбек айылынын О.Койчиев атындагы көчөсүнүн башындагы арыктын жээгинде көп жылдан бери төгүлүп, үйүлүп жаткан күлдү чыгартып берүү боюнча айылдык кеңештин депутаты А.Томотоевдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айылынын О.Койчиев атындагы көчөсүнүн башындагы арыктыш жээгинде көп жылдан бери төгүлүп, үйүлүп жаткан күл чыгарылып берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл округунун башчысы М.Абылгазиевге жана акча каражатын чечип берүүнү ФЭБ башчысы Э.Керималиевага милдеттендири лсин.
Төрага | М. Турганалиев |