Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-августу № 7
Мурунку «Пограничник» колхозунун клуб башчысы, азыркы Казыбек айылынын тургуну, эмгек ардагери Томотоев Базарбайдын билдирүүсү жөнүндө
Мурунку «Пограничник» колхозунун клуб башчысы, азыркы Казыбек айылынын тургуну, эмгек ардагери Томотоев Базарбайдын билдирүүсүнүн негизинде, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мурунку «Пограничник» колхозунун клуб башчысы, Бүткүл Союздук клубдарынын жеңүүчүсү, Бүткүл Союздук жаштардын 3-фестивалынын Москвадагы кароо сынагынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын «Эл агартуу отличниги», азыркы Казыбек айылынын тургуну, эмгек ардагери Томотоев Базарбайга, жаңы бүтө турган клубдун наамы «Томотоев Базарбай» атындагы маданият үйү болуп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасы мен М.Турганалиев өзүмө калтырамын.
Төрага | М.Турганалиев |