Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-февралы № 10-4
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы Нарай ИСКАКБсынын башчысы Ж.Рахмановдун 2013-жылда аткарылган иштери жөнүндө отчету жана 2014-жылга аткарган план тапшырмалар жөнүндө
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Нарай суу» ИСКАКБсынын 2013 -жылга жүргүзгөн иш аракеттери жана 2014-жылга аткарыла турган план тапшырмалар жөнүндө .Ж.Рахманов билдирүүсүн айылдык кенешинин депутаттары угуп жана талкуулап айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Нарай суу» ИСКАКБсынын башчысы Ж.Рахмановдун 2013 –жылга калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн иштери канаатандырарлык деп табылсын.
2. 2014-жыл үчүн Нарай суу» ИСКАКБсынын бюджетинен кирешедер жана чыгашалары 698990 эсебинде бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы Нарай ИСКАКБсынын 5 %тик төлөмү ичүүчү суу боюнча тарифтерди топтоо боюнча Ж.Рахмановго жакындан жардам көрсөтүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айылдык кенешинин депутаттарына, айыл башчыларына жана жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирисин.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Турсункулов |