Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-февралы № 10-6
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2014-жылга айылдык бюджетин жана 2015-2016-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2014-жылга каралган айылдык бюджетин жана 2015-2016-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга Республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга бюджеттин болжолун жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тийешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Он Эки бел айылдык кенешинин «Эканомика,бюджет,сода жана жергиликтүү мамлекеттик администациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-статиясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Он Эки Бел айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылга Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 5814,8 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2014-жылга айылдык бюджетинин кирешелери түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттары №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
Айылдык бюджетин чыгаша бөлүгү 2014-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегиде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы. Соц.фондко чекерүү, тамак –аш жана комуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
3. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2015-2016-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчү № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын
Кирешенин болжолу 2015- жылга 6078,1 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 2261,5 мин сом менен) жана 2016-жылга 6310,9 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 2264,3 мин сом менен) белгиленсин.
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2015-2016-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда токтоо жүргүзүү жагы бекитилсин.
4. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.
5. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу). Чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджеттин 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктына ылайык бул каражаттын 100 пайызы республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.
6. 2014-жылдын 1-январына айылдык бюджети боюнча жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча ______ мин сом суммасында белгиленсин.
7.Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу:
-Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө:
-ченемдик укуктук актылардын өзгөртүүсүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө.
-киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо:
8. 2014-жылга айылдык бюджеттин киреше бөлүгүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кенешке ыйгарылсын.
9. Жергиликтүү бюджеттик мекеме - ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чындоо , алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы –эканомикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
10. Ноокат районуну 2012-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгүн 20320,9 мин сомго, чыгаша бөлүгү 19798,9 мин сомго же кирешенин чыгашадан 522,0 мин сомго артыкчылыгы менен аткарылгандагы.
11. Бул токтомдун аткарылышана көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Он Эки Бел айылдык Кенешинин «Эканомика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Турсункулов |