Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-февралы № 10-2
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 20-февралындагы № 4 токтому тууралуу
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 20-февралындагы № 4 токтомунун 5 пунктунда райондук мамлекеттик администрациясынан түзүлгөн комиссиясы тарабынан Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча текшерүү жүргүзүлгөндө, салык жыйноодо салыктын айрым түрлөрү боюнча жылдык план аткарылбагандыгы, айыл чарба багытындагы иштерде, кадрларды даярдоодо, жайгаштыруу жана жоопкерчилигин көтөрүү, жана иш кагаздарын жүргүзүүдө орчундуу кемчилдиктерге жол берилгендиги үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы К.Осмоновдун кызмат абалы жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын сессиясында кароо жөнүндөгү маселени айылдык кенештин депутаттары угуп жана талкууга алышып айылдык кенештин депутаттары төмөдөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 0н Эки Бел айыл өкмөтүнүн башчысы К Осмонов токтомдо белгиленип кеткен кемчилдиктерди жоюуу боюнча жүргүзүп жаткан иштериы жана 2013-жылда айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн денгээли бир кыйлага өскөндүгү .айылдардын инфраструктурасынын жакшыргандыгын,жана айыл өкмөтүндө иш жүргүзүүдө кетирилген кемчилдиктерди жоюууда жүргүзгөн иш-аракеттери эске алынып жүргүзүи жаткан иштери канаатандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы К Осмоновдун 2014-жылдын жыйынтыгы менен аткарган иштери боюнча отчету угулсуп.
3. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары М. Мийзамовго тапшырылсын.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Турсункулов |