Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-февралы № 10-11
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы 2014 –жылда айыл – чарба жерлеринин мамлекеттик фондун ижарага берүүдө сугаруу үчүн суу танкыс болуп суу жетпегендиктен пайдаланылбай калып кеткен жана ижара мөөнөтү бүткөн, ижарачылар айыл өкмөтүнө тапшырган жер аянттары жөнүндө
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун ижарага берүүдө жазгы тала эгиндерин айдап себүүдө өз мөнөтүндө айдап себүү, айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер аянттары сүрүлгөн, сары топурак болгодуктан жана айдап себүүдө сугат суунун кыйынчылыктары, түшүм алууда түшүм аз болуп, ижарачыларга бир топ кыйнчылыктар болгондуктан айыл-чарба мамлекетиик фондунун жер аянттарын аукцион, конкурс өткөрбөстөн ижарага алуучуларга түз берүү жолу менен бөлүштүрүү, жерлерди сарамжалдуу пайдалануу жана жазгы айдап себүүнү өз мөөнөтүндө өткөрүү максатында Депутаттардын Он Эки Бел айылдык кеңешеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун ижарагаа берүүдө жазгы талаа эгидерин айдап себүүдө өз мөөнөтүндө айдап себүү жана дыйкандарга шарт түзүү менен, аукцион жана конкурс өткөрбөстөн, түз берүү жолу менен кыска мөөнөткө 10 (он) жылга ижаралык келишимдин негизинде ижара акылары өзгөртүлбөстөн берилсин.
2. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондуну жерлерин тактап чыгып, ижара келмишимдеринин мөөнөтү бүткөн жана пайдаланылбай калган жер аянттарына жазгы эгиндерин айдап себүүнү колго алууну айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жана жер адисине жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагын айылдык кеңешинин жер жана агрардык реформа комиссиясына тапшырылсын.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Турсункулов |