Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-августу № 1
Казыбек айыл аймагынын калкты социалдык жактан тейлөө боюнча адиси Н.Муканованын жүргүзүп жаткан иш аракеттери жөнүндө
Айыл аймагынын калкты социалдык жактан тейлөө боюнча адиси Н.Муканованын отчетунун негизинде , айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл аймагынын калкты социалдык жактан тейлөө боюнча адиси Н.Муканованын жүргүзүп жаткан иш аракеттери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Соц. кызматкер Н.Муканова төмөнкүлөргө көбүрөөк көңүл буруусу тапшырылсын :
-Айыл аймагындагы эки айылды, штаттан сырткаркы соц. адис Жеңишов
Максат менен 3 (үч) айда бирден кыдырып , калктын аялуу катмарын аныктап туруусу;
-Инвалиддерге өзгөчө көңүл буруусу;
-Томолой жетимдерге жана жарым жетимдерге ар дайым айыл өкмөтү тарабынан колдоо көрсөтүп туруусу сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын башчысы М.Абылгазиевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Турганалиев |