Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-августу № 2
Муниципалдык мүлктүн жер аянттары жана обьектилери жөнүндө айыл чарба жерлери боюнча башкы адис М.Шермамбетовдун жана турак-жай боюнча жетектөөчү адис Э.Эшмамбетовдун маалыматтары жөнүндө
Айыл аймагынын жер боюнча башкы адис М.Шермамбетовдун жана турак-жай боюнча жетектөөчү адис Э.Эшмамбетовдун билдирүүсүнүн негизинде, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын айыл чарба жерлери боюнча башкы адис М.Шермамбетовдун жана турак-жай адиси Э.Эшмамбетовдун жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Турак-жай боюнча жетектөөчү адис Э.Эшмамбетов жана айыл чарба жерлери боюнча башкы адис М.Шермамбетов төмөнкүлөргө көнүл бурушсун:
-Быйылкы жылы боло турган кайра жаңы жүргүзүлүүчү туташ каттоону тездетүүсү;
-Туташ каттоо мезгилинде комиссияга бирикме жетекчилерин, айыл тургундардан, госрегистрден, архитектурадан комиссияга катыштыруусу керек экендигин эске алуусу.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл аймагынын башчысы М. Абылгазиевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Турганалиев |