Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-январы № 5/2
Абдыкасымов Ракымбергенге Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Абдыкасымов Ракымбергендин балалыгы Ысык-Көл облусунун Балыкчы районуна караштуу «Улахол» софхозунун Туура-Суу кыштагында өткөн.
Абдыкасымов Ракымберген 1958-жылы орто мектепти бүткөндөн кийин Фрунзедеги Политехникалык институттун энергетика факультетине тапшырып, 1963-жылы аталган окуу жайын аяктап «инженер электрик» кесибине ээ болгон.
Эмгек жолун 1963-жылы Нарын шаарындагы Тянь-Шань прибор курулуш заводунда инженер-энергетик, электр станциясынын начальниги кызматтарында иштөө менен баштаган.1964-1966-жылдары Тянь-Шань ПЭСинде өндүрүштүк- техникалык бөлүмдүн начальниги, 1966-1975-жылдары Кочкор РЭСинин начальниги,1975-1988-жылдары Тянь-Шань ПЭСинин директору кызматтарында эмгектенген.1989-1995-жылдары «Кыргызбашкыэнергодо» электр жабдууларын эксплуатациялоо башкармалыгынын башчысы,1995-2001-жылдары Ысык-Көл облустук ПЭСинин директору, 2001-2004-жылдарыЫсык-Көл Нарын ПЭСинин базасында жаңы уюшулган «Чыгышэлектр» ААКнун генералдык директору болуп дайындалып, 2004-жылда жаш курагына байланыштуу ардактуу эс алууга чыгып, 2010-жылга чейин генералдык директордун кеңешчиси болуп иштеген.Учурда «Чыгышэлектр» ААКнун директорлор кеңешинин мүчөсү.
Бир тармакта көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңирген» пенсионери наамына жана «Эмгек ардагери» медалына татыктуу болгон.
Абдыкасымов Ракымбергендин эмгектери бааланып «Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмери» , «СССРдин энергетикасынын жана электрлештирүүсүнүн отличниги», «Кыргыз Республикасынын энергетикасынын каарманы» наамдарына татыктуу болуп, «Эмгектеги каармандыгы» үчүн медалдары, ГОЭЛРОнун 60жана 80 жылдыгына карата атайын төш белгиси, Кыргыз Республикасынын «Ардак Грамотасы», Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин «Ардак грамотасы» менен сыйланган.
Мындан сырткары коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Нарын Обкомунун, Облисполкомдун, Ысык-Көл облустук администрациясынын, Райкомдун «Ардак грамоталарына» татыктуу болгон.
Абдыкасымов Ракымбергенге Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү Нарын райондук электр тармактар ишканасынын жана депутаттык туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Электр тармагына кошкон салымы жана бир тармактагы үзүрлүү эмгеги үчүн Абдыкасымов Ракымбергенге Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык Абдыкасымов Ракымбергенге атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Көкөтаев |