Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-июлу № 2
Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын айрым обьектилерин Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин балансасына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Нарын шаарында жайгашкан Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын мурунку урология, травматология,жугуштуу оорулар (инфекция) бөлүмдөрүнүн имараттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 25-апрель 2012-жылдагы №1877- V токтомунун, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-февралындагы №143 токтомуна ылайык 2012-2014-жылдардын мамлекеттик менчиктештирүү (приватизация) программасына кирген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун 2-пункутуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бул обьектилерди муниципалдык менчикке кабыл алууга сунуш кылуу боюнча тапшырма берилген. Нарын шаардык мэриясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 2012-жылдын 29-майында №01-1674 чыгыш каты менен жергиликтүү маанидеги социалдык маселелерди чечүүгө карата жогорудагы аты аталган обьекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө сунуш каты менен кайрылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 25-апрель 2012-жылдагы №1877- V токтомунун Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесине,Кыргыз Республикасында «Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун 29-май 2012-жылдагы №01-1674-Нарын шаардык муниципалдык департаментинин 2-июль 2012-жылдагы №03\263 чыгыш каттарынын, депутаттык туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» Мыйзамынын 6-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 25-апрель 2012-жылдагы №1877- V токтомун,Кыргыз Республикасында «Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун 29-май 2012-жылдагы №01-1674- жана Нарын шаардык муниципалдык департаментинин 2-июль 2012-жылдагы №03\263 чыгыш катынын негизинде жергиликтүү маанидеги социалдык маселелерди чечүүгө карата Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын мурдагы урология, травматология ,жугуштуу оорулар (инфекция) бөлүмдөрүнүн имараттарын Нарын шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын мурдагы урология, травматология, жугуштуу оорулар (инфекция) бөлүмдөрүнүн имараттарын Нарын шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууда Мыйзамда каралган чекте иш жүргүзүү Нарын шаардык мэриясына (Б.Жээналиев), муниципалдык менчик департаментине(Н.Максуталиев),Нарын шаардык турак жай башкармасына (С.Орозобеков)жана Нарын облустук бириктирилген ооруканасына(М.Атбаев) тапшырылсын.
3. Өткөрүлүп жаткан Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын мурдагы урология, травматология,жугуштуу оорулар, (инфекция) бөлүмдөрүн өткөрүп берүү, өткөрүп алуу актысы Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү»Мыйзамына ылайык КРнын Өкмөтүнө караштууу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун Нарын облусунун өкүлчүлүгү аркылуу (Абдыжалил уулу Адил) жүргүзүлсүн.
Депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Көкөтаев |