Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 20-февралы № 101
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө жободо:
- 12-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 13-пунктунун жыйырма үчүнчү абзацындагы анын ичинде автоматтык режимде иштеген, фото жана кино тартуу, көрмө жазуу функциялары бар сертификацияланган атайын контролдоп-өлчөөчү техникалык каражаттардан алынган маалыматтын" деген сөздөр алып салынсын;
- 18-пунктундагы "ички иштер органдарында" деген сөздөр "укук коргоо органдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 734 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жөнүндө жободо:
- 6-пунктунун 9-пунктчасы "бузуулар" деген сөздөн кийин анын ичинде автоматтык режимде иштеген, фото жана кино тартуу, көрмө жазуу функциялары бар сертификацияланган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттар менен фиксацияланган бузуулар" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 20-февралы № 101
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 221 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык күчүн жоготту)