Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-марты № 23/1
Алыш орто мектебинин 2012-жылдын мартындагы № 111 токтому жөнүндө
Алыш орто мектеби 2011-жылы кошумча көмөкчү чарбаны пайдаланып андан 11500 сом пайда табышкан. Бул акча каражаты Дөбөлү айыл өкмөтүнүн өздүк атайын эсебинде банкта турат. Азыркы кезде банкта айыл өкмөтүнүн өздүк эсебинде турган 11500 сом акча каражатын Алыш орто мектебинин муктаждыктарына пайдалануу керек болууда жана алар томондогудой максатка жумшалмакчы:
-Олимпиадада жакшы ийгиликтерге жетишкен мугалимдерди жана окуучуларды сыйлоо;
-"Жаш таланттар" конкрусунун женүүчүлөрүн сыйлоо;
-"Жылдьш эн мыкты мугалими" кароо-сынагынын женүүчүлөрүн сыйлоо;
-"Жылдын эн мыкты класс жетекчиси" кароо-сынагынын женүүчүлөрүн сыйлоо;
-Мектептин оздүк комокчу чарбасына керектелүүгө кетүүчү чыгым.
Жогорудагыларды белгилеп депутаттардын Дөбөлү айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алыш орто мектебинин 2012 жылдын 12-мартындагы № 111 токтому бекитилсин.
2. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн өздүк эсебиндеги турган 11500 сом акча каражатын банктан алып тийиштүү сметанын негизинде Алыш орто мектебине берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э. Турганбаевага тапшырылсын.
Төрага | У. Богачиев |