Редакцияот 18.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXV чакырылышынын 24-сессиясы

 

2012-жылдын 18-апрели № 24/3

Жазгы айдап себүү кызмат көрсөткөн механизаторлорго төлөнүүчү тарифтерди бекитүү жөнүндө

Жазгы жер айдап себуугө кызмат көрсөткөн механизаторлорго төлөнүүчү тарифтерди бекитип берүү боюнча Дөбөлү айыл аймагынын тургундарынын сунушун-карай Депутаттардын Дөбөлү айылдык кенешинин Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жазгы айдап себууго механпзаторлор тарабынан кызмат корсоткондугу учун толонуучу тарифтер томондогу олчомдо бекитилсин:

- Дин жерлерди айдагандыгы үчүн ДТ тракторлоруна гектарына 550 сом, 30 литр күйүүчү май.

- Мурда айдалып жүргон жерге гектарына 500 сом, 22 литр күйүүчү май;

- Тырмоого 1 га жерге 250 сом, 12 литр күйүүчү май;

-Чоп тартуу жердин алыстыгына жараша 200 сомдон башталат.

2. Доболу айыл өкмөтүнөн бекитилген тарифтердин так сакталышына көзөмөл кылсын жана механизаторлорго, дыйкандарга бекитилген тарифтер боюнча маалымат беришсин.

 

Төрага

.Алдашев