Редакцияот 18.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXV чакырылышынын 24-сессиясы

 

2012-жылдын 18-апрели № 24/5

Айылдык аймагында төлөнүүчү жергиликтүү салыктардмн тарифтерни бекитүү жөнүндө

Дөбөлү айыл аймагындагы жашаган тургундардан жана чарбалык субьектилердин жергиликтүү салыкка төлөнүүчү төлөмдөрүнүн тарифтерин бекитүү үчүн Депутаттарынын Доболу айылдык Кенешинин сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагында жашаган тургундардан алынуучу тазалык салыгын 20 сом болуп бекитилсин. (бир уй- чарбага).

2. Сатылган малдарды ташыган шоферлорго патенттин негизинде төмөндөгүд төлөмдөрү бекитилсин.

- 8 тоннага чейинки жук ташыган автомашиналарга ай сайын 375 сом өлчөмүндө;

- 8 тоннадан жогорку жук ташыган автомашиналарга ай сайын 450 сом өлчөмүндө;

3. Пилораманын элге корсоткон кызматышын иштеген убактары үчүн түшкөн кирешенин салыгы 1 % өлчөмүндө бекитилсин.

4. Айыл аймагындагы КДУ, тегирмен элге керсөткөн кызматынын иштеген убактары үчүн түшкөн кирешенин салыгы 1 % өлчөмүндө бекитилсин;

5. Айыл аймагындагы камоктор иштеген убактысына жараша патентик негизде 65 сом өлчөмүндө салык төлөө бекитилсин;

6. Айыл аймагындагы чон соода түйүндөрү иштеген убактысына жараша патентик негизде 250 сом өлчөмүндө салык төлөө бекитилсин;

7. Айыл аймагындагы чарбалык субьектилер катары каттоодон откон айыл чарба кооперативдери Нарын райондук салык инспекциясына тиешелүү беруу жагы милдеттендирилсин.

8. Айыл чарба эмес жерлерге салык өлчөмдөрү үчүн К-2 боюнча 1,0 коэфиценти бекитилсин.

9. Мал баккан малчыдарга тарифти жогорулатса кызмат көрсөтүүнүн салыгы 300 сом өлчөмүндө бекитилсин

10. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы айыл өкмөтүнүн тапшырылсын.

 

Төрага

У.Богачиев