Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-августу № 27/1
Айназик кондитердик цехинини ишин кенейтүү, тooк ферма уюштуруу боюнча долбоорлорду кароо жөнүндө
Дөбөлү айылындагы тургундардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында жакырчылыктан чыгуу, жумуш ордун камсыз кылуу жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү максатындагы түзүлгөн «Айназик» кондитердик цехинин ишин кеӊейтүү, тоок ферма уюштуруу боюнча долбоорлор толук колдоого алуу максатында Дөбөлү айылдык Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айылындагы тургундардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында жакырчылыктан чыгуу, жумуш ордун камсыз кылуу жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү максатындагы түзүлгөн «Айназик» кондитердик цехинин ишин кеӊейтүү, тоок ферма уюштуруу боюнча долбоорлор толук колдоого алынсын.
2. Добоорду ишке ашырууга зарыл болгон жумушчу күчүн жана башка өздук салымды камсыз кылуу жагы Дөбөлу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Аталган долбоорлордун киреше жана чыгаша боюнча сметасы тиркемеге ылайык жактырылсын.
4. Аталган долбоорлордун киреше жана чыгашаларын максатту пайдалануу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө тапшырылсын.
Төрага | У. Богачиев |