Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-августу № 8
Казыбек айылынын тургуну Орозкожоев Зарылыктын арызы жөнүндө
Казыбек айылынын тургуну Орозкожоев Зарылыктын арызынын негизинде, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1992-жылы жалпы эл дыйкан чарбага өткөн мезгилде, үй бүлөсүнө тиешелүү 2,80 га жер тийиштүү болгон, бирок турмуш—шартына карап Бишкек шаарына убактылуу жашап кеткендиктен, ал жер бөлүнүп берилбей бүгүнкү күнү үлүшкө тийген жери табылбай жатат, ошондуктан айыл өкмөтүнүн кийлигишүүсү менен айыл аймагындагы бардык үлүшкө тийген жерлерди кайра туташ каттоо жүргүзүп, ошол жерлерден ашкан жер Орозкожоев Зарылыкка бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын жер боюнча адиси М. Шермамбетовго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Турганалиев |