Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-августу № 12
Казыбек айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы М.Молдакуновдун кайрылуусу жөнүндө
Казыбек айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы М.Молдакуновдун кайрылуусунун негизинде, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төрагасы М.Молдакунов билдиргендей Кара-Суу айылынын тургундары Сатыбеков Алтынбек, Сатыбеков Хамардин, Сокубашов Мурат, Кылжыров Кубан Арпа өрөөнүндөгү Семиз-Саз участогунда 2009-жылдан бери жайыт жерлерин пайдаланып келишкен, бүгүнкү күнү жайыт жерлерин үнөмдүү пайдалануу маселеси тургандыктан, жайыт жерлерине акы төлөөдөн баш тартып жатышат, ошол себептен бул адамдарды жайыт жерлерине акы төлөтүү үчүн райондук прокуратурага сунушталсын.
2. Бул токтомду аткаруу жана райондук прокуратурага жеткирүү жагы айылдык кеңештин депутаты, жайыт комитетинин төрагасы М. Молдакуновго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Турганалиев |