Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-августу № 13
Казыбек айыл аймагынын айыл чарба боюнча башкы адиси М. Шермамбетовдун кайрылуусу жөнүндө
Казыбек айыл аймагынын айыл чарба боюнча башкы адиси М. Шермамбетовдун кайрылуусунун негизинде , айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл аймагынын айыл чарба боюнча башкы адиси М.Шермамбетовдун кайрылуусу боюнча, 1992-жылы жалпы элге жер үлүшү бөлүнгөндө, ар кандай себептер менен кээ бир атуулдарыбыз жер үлүштөрүн ала албай калышкан, ошондуктан айыл аймагында туташ каттоо жаңы жүргүзүлсүн жана каттоодо туруп, бирок ала албай келген тургундарга, туташ каттоонун негизинде ашкан жерлерден жер үлүшү бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын айыл чарба боюнча башкы адиси М. Шермамбетовго милдеттенлирилсин.
Төрага | М.Турганалиев |