Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-августу № 14
«Аэропорт» участогунда салынып жаткан соода-тейлөө борборун (СТБ) куруу үчүн «Замандаш» ассосациясына сунуштоо жөнүндө
Кытай жана Кыргызстан мамлекеттеринин ортосунда соода-сатык мамилеси жогору деңгээлге жетип, автоунаалар менен жүк ташуунун көлөмү эбегейсиз көбөйдү, Эл аралык автомобиль ташуулар департаменттин маалыматы боюнча күнүнө 50-100 жүк ташуучу автоунаа Кытай Эл Республикасы тарабынан кирет .
Ошол себептен улам Кытай—Кыргызстан чек ара зонасында азыркы мезгилдин талаптарына жооп бере турган терминалды куруу зарылчылыгы келип чыкты. Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн аймагында эски «Аэропорт » 2009-жылы терминалдын курулушу башталып, сырткы забору шлакоблок менен тургузулуп бутпөй калган.
Оор жүк ташуучу автомашиналар тынымсыз өтүп, жаңыдан асфальт төшөлүп бүткөрүлүп жаткан жолду бат эле жараксыз кылып коюу мүмкүнчүлүгү пайда болууда. Эгерде терминалдын курулушу бүткөрүлүп калса райондогу бош жүргөн, жумуш иштеп сыртка кетип жатышкан айыл жаштары да жумуш менен камсыз болуп калат жана ички миграция токтойт эле.
Жогорудагылардын негизинде айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Аэропорт» участогунда салынып жаткан соода-тейлөө борборун (СТБ) куруу — үчүн «Замандаш» ассосациясынын макулдугу болгондуктан «Замандаш» ассосациясы инвесторлукка сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын башчысы М.Абылгазиевге тапшырылсын
Төрага | М.Турганалиев |