Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-апрели № 11-2
Он Эки Бел айыл аймагынын Шорон участкасынын тургундарынын чогулушунун протоколун бекитип берүү жөнүндө
Он Эки Бел айыл аймагынын Шорон участкасынын тургундарынын жана көчөлөрүнө ат ыйгаруу жөнүндөгү чогулуштарынын протоколдорун бекитип берүү жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттары угуп жана талкулап чыгышып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айыл аймагынын Шорон участкасынын тургундарынын жана көчөлөрүнө ат ыйгаруу жөнүндөгү 2014-жылдын 16-июнь күнү өткөрүлгөн чогулушунун протоколдору бекитилсин.
2. Шорон участкасынын Ош-Кызыл Кыя борбордук жолдун жогору жагындагы көчө Рахманов Жусупали, жолдун ылдый жагындагы көчө Шорон көчөсү деп аталсын.
2. Ат коюлган көчөлөргө жазууларды жана номерлерин жазып чыгууну демөөрчүлөр менен бирге уюштуруу айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына тапшырылсын.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Турсункулов |