Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-октябры № 15-1
Он-Эки-Бел айыл өкмөтүндө 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүү жана электр энергиясынын лимитин сактоо жөнүндө
Он-Эки-Бел айыл аймагында 2014- 2015-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды жүргүзүүдө электр энергиясынын лимитин сактоо жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сарпталышына жол бербөө боюнча эл арасында тушундуруу иштерин алып баруу жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттары карап чыгышып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айыл аймагында 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды жүргүзүү, электр энергиясын пайдалануу боюнча бекитилген лимиттен жана белгиленген чектееден ашыкча сарпталышына жол бербөө үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жана мекеме ишканалардын башчьшарына милдеттендирилсин .
Он Эки Бел айыл аймагына электр энергиясын пайдалануу боюнча бекитилген лимит жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сарпталган учурда , айыл аймагында электр энергиясы өчүрүлө тургандыгы билдирилсин.
Он Эки Бел айыл аймагында калкты керектүү көлөмдөгү көмүр менен каамсыздоо үчүн сатуу пункттарын ижарасыз ачып, аларда көмүрдүн дайыма болушун жана көмүрдүн туруктуу баада сатылышын көзөмөлгө алуу жагыайыл өкмөтү боюнча түзүлгөн комиссиясына тапшырылсын. Электр энеригиясын үнөмдөө үчүн жылытуу мезгилине көмүрдү пайдалануу боюнча эл арасында кенири түшүндүрүү иштерин жүргүзүлсүн.
-жылытуу мезгили башталганга чейин графиктин негизинде эрте мененки саат 9:00ден кечки саат 18:00ге чейин, кыш мезгилинде эрте мененки саат 9:00ден кечки саат 17:00 ге чейин өчүрүлө тургандыгы боюнча макулдашылгандыгы жөнүндө электр энергиясын пайдалануучуларга жеткирүү айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына милдеттендирилсин.
-мектептерди, балдар бакчаларын жана саламаттыкты сактоо мекемелерин кыш мезгилинде үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо үчүн элдин, демөөрчүлөрдүн жана ишкерлердин колдоосу менен атайын электр кыймылдаткычтарын сатып алууну уюштуруу чараларын көрүлсүн.
2. Айыл өкмөтү Ноокат райондук электр тармактар ишканасы менен биргеликте:
Электр чубалгыларына тийген бак-дарактарды кесүүнү уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына милдеттендирилсин.
Ушул сессияда кабыл алынган чечимдерди айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, коомдук уюмдар жана таасирдүү адамдар менен биргеликте элдин калын катмарына жеткирүү жагы милдеттендирилсин.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
Д. Кантов |