Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-октябры № 15-2
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашап жаткан эли үчүн Он Эки Бел айылына спорт зал куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашап жаткан эли үчүн Он Эки Бел айылына спорт зал куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү боюнчаК. Асранов атындагы орто мектебинин эски окуу имаратына тиешелүү муниципалдык менчиктеги жер аянтыан жер ажыратып берүү жөнүндөгү Он Эки Бел айылынын тургундарынын айыл өкмөтүнө жазган арызын карап чыгып, жана талкуулап Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жер кодексинин 32-статьясынын 4- пунктуна ылайык Он Эки Бел айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы Он Эки Бел айылына спорт зал куруу үчүн жер аяптын ажыратып берүү боюнча К. Асранов атындагы орто мектебинин эски окуу имаратына тиешелүү муниципалдык менчиктеги жер аянтынан жер ажыратып берүү жөнүндөгү Он Эки Бел айылынын тургундарынын айыл өкмөтүнө жазган арызы канааттандырылсын.
2. Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн эли үчүн Он Эки Бел айылына спорт зал куруу үчүн К.Асранов атындагы орто мектебинин эски оку имаратына тиешелүү муниципалдык менчиктеги жер аянтынын 866 чарчы метр жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Ажыратылып берилгеи жер аянтын максаттуу багытта пайдалануу, экологиялык жана санитардык - гигиеналык абалын таза сактоо, өз убагында жер салыгын жана башка төлөмдөрүн төлөп туруу жагы спорт залга жоопкерчиликтүү жетекчиликке милдеттендирилсин .
4. Бекитилип берилген жер аянтынын чек араларын тактап, юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан жана Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомду бекитип берүү Он Эки Бел айылдык кенешинен суралсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырамын
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
Д. Кантов |