Загрузка документа…
ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-октябры № 15-3
Он Эки Бел айыл аймактарында жайгашкан калктуу пункттарга өзүнчө статус алуу жөнүндө
Кун тартибиндеги Он Эки Бел айыл аймактарында жайгашкан Өрнөк, Он Эки Мойнок ,Абшыр-Сай калктуу пункттарга өзүнчө статус алуу жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттары угуп жана талкуулап чыгышып айылдык кенешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айыл аймагындагы «Өрнөк», «Он Эки Мойнок», «Абшыр-Сай» айылдарынын тургундарынын айьшдарга өзүнчө статус берүү жөнүндөгү 2014-жылдын 7-октябрында өткөрүлгөн жалпы чогулушунун протоколдору бекитилсин.
2. Он Эки Бел айыл аймагындагы «Өрнөк», «Он Эки Мойнок», «Абшыр- Сай» айылдарына өзүнчө статус берип , мамлекеттик классификаторго (САОТЕ) алып беруу Ноокат райондук мамлекеттик админис трациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Он Эки Бел айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турсункуловго милдеттендирилсин.
Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
Д. Кантов |