Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-апрели № 188
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы менчик түрүнө карабастан дыйкан жана жеке чарбаларга, мекеме-ишканаларга түешелүү көп жылдык өсүмдүктөрдүн (бактардын) жер салыгынын, ижара акысынын ставкаларын көбөйтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине 337 беренесинин 6 пунктуна ылайык. айылдык Кенештин агрардык комиссиясынын сунушун ар тараптан талкуулап карап чыгып айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1) 2015 жылдын 1 январынан тартып айыл өкметүнун аймагындагы менчик түрүнө карабастан дыйкан жана жеке чарбаларга, мекеме ишканаларга тиешелүү көп жылдык өсүмдүктөрдүн (бак) жер салыгынын ставкасы 524 (беш жүз жыйырма төрт) сом өлчөмундө, ал эми КБФтын бактарынан ижара акысы 10000 (он мин) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2) Сессиянын токтомунун негизинде түешелүү эсептөөлөрдү жүргүзүү, келишимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы салыктар боюнча башкы алис Ж.Мукамбетовага жана башкы жер адиси Б.Кадыралиевке милдеттендирилсин.
3) Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы С.Табалдиевага жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектургановко тапшырылсын.
4) Кызыл-Суу айыл аймагынын жашоочуларынын көпчулугу кыргыз тилинде суйлөгөндуктөн, токтом мамлекеттик тилде даярдалып, массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жагы жана юстиция министрлиги тарабынан ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү боюнча иш жүргүзүү айыл өкмөтүнүн юридикалык маселелер боюнча башкы адиси А.Молдоибраевага тапшырылсын.
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
Б. Жаманов |