Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-январы № 1
Ананьев айыл өкмөтʏнө тиешелʏʏ кичи автобустун жʏргөн багыты жана жол киреси жөнʏндө
Ананьев айыл өкмөтʏнʏнө тиешелʏʏ кичи автобустун жʏрө турган багытын жана жол киресин карап жана талкуулап Ананьев айылдык Кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ананьев айыл өкмөтʏнө караштуу кичи автобусу Ананьев-Чет-Байсоорун-Көк-Дөбө-Чет-Байсоорун-Ананьев багытында кʏнʏнө ʏч маал жʏрʏп турсун. Жай убагында Көк-Дөбө айлынан көлгө чейин элди ташуу жагы каралсын.
2. Жол кире төмөнкʏдөй өлчөмдө бекитилсин: Ананьево-Чет-Байсоорун – 20сом, Ананьево-Көк-Дөбө – 30 сом. Окуучу балдар ʏчʏн 10 сом.
3. Бул токтом каттоодон өткөрʏлсʏн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрине киргизʏʏ ʏчʏн Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгына жөнөтʏлсʏн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ананьев айыл өкмөтʏнʏн башчысы Э.Б.Супаевке жʏктөлсʏн.
Ананьев айылдык кеңешинин төрагасы |
Окенаев Т.М. |