Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-майы № 5
Ананьев айыл аймагында 26-март 2015-жылы өткөн элдик курултайда каралган маселелер жөнүндө
Ананьев айыл аймагында 2015-жылдын 26-мартта өткөн элдик курултайда каралган маселелерди талкуулап Ананьев айылдык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ананьев айыл аймагында айыл өкмөттʏн карамагында коммуналдык чарба уюштурулсун.
2. Ананьев айлында таза суунун баасы 5сомго көтөрʏлʏп, төлөө акысы киши башына 20сом өлчөмʏндө жʏргʏзʏлсʏн.
3. Ананьев айыл аймагында айыл чарба өсʏмдʏктөрʏн мал тебелеп келтирилген чыгымды жер комиссиясынын чечими менен жердин ээсине төлөнʏп берилсин.
4. Ананьев айыл аймагында башка агымдагы динге ʏгʏт баракчаларын таратууга жана ʏгʏт жʏргʏзʏʏгө тыюу салынсын.
5. Ананьев айыл аймагында жеке огороддорду сугарууда өз алдынча сууну буруп алгандарга айыл ичинде 1000сом өлчөмʏндө, талаадагы жерге 3000сом өлчʏндө айып пул салынсын. Сугат суунун баасы мурдагыдай эле 1 соткасына 10сом өлчөмʏндө калтырылсын.
6. Айылга сугат суу ишемби, жекшемби кʏндөрʏ толугу менен берилсин, БСРге суу толтурууну көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт менен айылдык кеӊешке жʏктөлсʏн.
7. Айылдын аймагынан сырткары суу жʏрʏʏчʏ арыктар УОС менен биргеликте ремонт жʏргʏзʏлсʏн.
8. Ишемби, жекшемби кʏндөрʏ квартал башчыларына сугаттын жʏрʏшʏн көзөмөлдөөгө шарт тʏзʏлсʏн.
9. Сугаруу мезгили жылдын 1-майынан 10-сентябрга чейин белгиленсин.
10. Арык тазалоо жумуштарына катышпагандыгы ʏчʏн короо башынан 200сом өлчөмʏндө акча каражаты квартал башчысына берилет, ал акча арык тазалоого жумшалат, экскаатор, застава, көпʏрөө ж.б.у.с.
11. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Э.Б.Супаевке жʏктөлсʏн.
Ананьев айылдык кеңешинин төрагасы |
Окенаев Т.М. |