Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-февралы № 17
Айыл аймагындагы жергиликтүү салыктарды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрь № 231 «Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү» мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктун жана Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүн иш жүзүнө ашыруу максатында жана жергиликтүү бюджетти көбөйтүү үчүн Эл депутаттарынын Тору-Айгыр айыл кенешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 1-январь айынан баштап Тору-Айгыр айыл аймагында төмөндөгүдөй жергиликтүү салык түрлөрү киргизилсин:
-айыл чарба багытындагы жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салык:
-айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салык;
-үй жанындагы. Короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салык;
-мүлк салыгынын 1,2,3-тобу;
2. К 3 зоналдык коэффиценти: төмөндөгүдөй бекитилсин.
-айыл –чарба багытындагы эмес жер салыгына – 1,2
-короо-жай, багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн -1,0
- 1,2,3 топтогу мүлк салыгына - 1,2
3. Айыл аймагында жайгашкан мекеме-ишканалар жана эс алуу жайларында иштеген бардык кызматкерлер менен жумушчулардан ар биринен “Таштандыларды ташып чыгуу жыйымдары” статьясы боюнча 50 сом эсебинде салык алынсын.
4. Аныкталган токтомду каттоо жана мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом 2015-жылдын 1-январь айынан баштап күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Орозобаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
Мамбетов Т. |