Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-июну № 1
Шаардык мэриянын алдындагы административдик комиссиясынын Жобосун бекитүү жөнүндө
Балыкчы шаардык мэриясынын, 13.04.2015ж №01-19/398 Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексинин негизинде түзүлгөн шаардык мэриянын алдындагы административдик комиссиясынын Жобосун бекитип берүү каты боюнча шаардык Кенештин алдындагы социалдык өнүгүү, укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо комиссиясынын сунушун карап, талкуулап, шаардык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексинин негизинде түзүлгөн шаардык мэриянын алдындагы административдик комиссиясынын Жобосу бекитилсин.
2. Токтом жергиликтүү “Балыкчы” гезитине жана интернет сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирсин.
3. Кабыл алынган токтом Ысык-Көл облусунун Адилет башкармалыгына мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоодон өткөрүү үчүн жиберилсин.
4. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын ошондой эле каттоо үчүн тапшырылган иш кагаздардагы маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашкандыгын ырастайт
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү шаардык Кенештин алдындагы социалдык өнүгүү, укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо комиссиясына жана шаардык Кенештин башкы адиси К. Орузбаевага тапшырылсын.
Балыкчы шаардык кеңешинин төрагасы |
М.Акатов |