Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-марты № 26–16/55
Кайыңды айылдык аймагынын 2015-жылдын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кайыңды айылдык аймактык кеңешинин алдындагы бюджет комиссиясынын кортундусунун негизинде Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин долбоорун карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин кирешелер булагы боюнча 5077,0 миң сомго жана чыгашалар боюнча 5077 миң сомго бекитилсин.
2. Кайыңды айыл аймагында жайгашкан мекеме–уюмдардын жыл ичинде каржылоо чыгымдарын зарыл болгон учурда бир статьядан экинчи статьяга өзгөртүүнү жүргүзүү жана аткаруу жагын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы А.Субанбековага милдеттендирилсин.
3. Кайыңды айыл аймагында жайгашкан мекеме-уюмдар 2014-жылы жетишсиз каржыланган чыгымдары 2015-жылга каралган каражаттардын чектеринде компенсанциялансын.
4.Жергиликтүү бюджетке чыгашадан киреше булагынан көп түшкөн каражатты финансы тарабынан ар кандай статьяларга чыгымдоого макулдук берилсин.
5. Жергиликтүү бюдждеттин киреше булагы аздыгынан чыгаша булагы көп болгондуктан, электр энергияны, көмүрдүн айлык акыны жана башка чыгаша булактарын каржылоо үчүн теңдөөчү грант берүү жагы суралсын.
Төрага | З. Абдрахманов |