Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-марты № 26–16/57
Жайыт комитетинин 2014-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылдын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кайыңды айылдык аймагынын «Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2013-жылы аткарылган иштери жана 2014-жылы аткарыла турган иш планын угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2014-жылы жайыт пайдалануучулардан өндүрүлбөй калган 100,4 миң сом акча каражаты өндүрүлсүн.
2. Жайыт комитетинин 2015-жылга бюджетинин кирешелер булагы боюнча 305,1 миң сом, чыгашалар 305,1 миң сомго бектитлсин.
3. 2015-жылдын бюджетинин киреше булагына жайыт акысы үчүн салыктын өлчөмү төмөндөгүдөй болуп бектилип берилсин:
Кара малга: 1. Сырттан келген мал башына - 100 сом
2. Жергиликтүү жарандардын мал башына – 50 сом
Кой, эчкиге: 1. Сырттан келген мал башына - 20 сом
2. Жергиликтүү жарандардын мал башына – 10 сом
4. Жайыт комитетинин төрагасы (Т.Керимбеков) айыл өкмөтүнүн вет.адиси (А.Султаналиев) менен бирдикте сырттан келген малдын ар кандай жугуштуу орууларга каршы эмдөөлөр жүргүзүлгөндүгү жөнүндө аныктамаларын текшерүү жагы милдеттендирилсин.
5. Мал багып жайыт пайдаланган малчылар менен эки тараптуу келишим 15-апрелге чейин жүргүзүлүп, малды алыскы жайыттарга көчүрүү жагын Көзөмөлдөө жагы Ж.К. башчысы Т.Керимбековго тапшырылсын.
6. Малчылар менен түзүлгөн келишимдин негизинде 2015-жылдын бюджетинин долбооруна такталып киргизилген малдын башына карата эсептөөлордү бекитүү, кийинки сессиянын отурумуна дайындоо жагы Ж.К. башчысы Т.Керимбековго милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кенешинин айыл–чарбасы боюнча тармактык комиссясынын төрагасы К.Узенбековго тапшырылсын.
Төрага | З. Абдрахманов |