Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-марты № 26–16/59
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы көчөлөрдүн маалым даректерин чогултууга карта Кайыңды айыл аймагына караштуу конуштуу айылдардын аты жок көчөлөрүнө ат коюу маселесин кароо
Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктуу мамлекеттик реестири (КБМР) маалыматтар базасын түзүү үчүн зарыл болгон биографиялык жана биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн, Кайыңды айылдык аймагына караштуу конуштуу айылдардын көчөлөрдүн маалым даректерин тактоо иштери жүргүзүп, аты жок көчөлөргө ат коюу боюнча жамааттардын протоколунун негизиде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айыл аймагына караштуу конуштуу айылдардын көчөлөрүнүн маалым даректерин тактоо боюнча жамааттардын протоколдору бекитилсин.
2. Кайыңды айылдык аймагына караштуу:
-Арал айылынын аты жок көчөлөрүнө: «Таш-Арык», « Таш-Көл» деген ат ыйгарылсын
- Сары-Булак айылынын аты жок кµчµлµр‰нµ : «Тынчтык», « Ынтымак», «Сары-Булак» деген ат ыйгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин тармактык комиссиянын төрагасы Б. Сулаймановго тапшырылсын.
Төрага | З. Абрахманов |