Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-июну № 26–17/62
«Мектепке чейинки балдарга билим берүү» долбооруна колдоо көтсөтүү жөнүндө
Кайыңды айыл аймагы географиялык жайгашуусу боюнча тоолу жана татаал шартта болуп эсептелгендиктен, мектепке чейинки балдарды тарбиялоого балабакча жок болгондугуна байланыштуу «Мектепке чейинки балдарга билим берүү» долбоорун колдоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды орто мектебинин имараттарын 5 (беш) жылдык мөөнөтү менен акысыз пайдалануу, «Мектепке чейинки балдарга билим берүү» долбооруна макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дүйшобаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча тармактык комиссиянын төрагасы Б.Сулаймановго тапшырылсын.
Төрага | З. Абдрахманов |