Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-июну № 26–17/63
«Мектепке чейинки балдарга билим берүү» долбоору аркылуу пайдаланган электроэнериясын жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүү жөнүндө
Кайыңды айыл аймагына караштуу А.Үсөнбаев атындагы орто мектебинин «Мектепке чейинки балдарга билим берүү» долбоору аркылуу каржыланып жаткан проектинин электроэнергиясын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылоо үчүн
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Үсөнбаев атындагы орто мектебинин «Мектепке чейинки балдарга билим берүү» долбоору аркылуу каржыланып жаткан проектинин электроэнергиясын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылансын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дүйшобаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджеттик маселелер боюнча тармактык комиссиянын төрагасы Б.Алымбаевге тапшырылсын.
Төрага | З. Абдрахманов |