Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-августу № 202/24-6
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү жөнүндө мыйзамына ылайык участкалык шайлоо комиссияларына катталган талапкерлердин толукталган тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө жобосун жетекчиликке алып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2014-жыл,12-майында кабыл алынган №108/12-6 сандуу токтому менен бекитилген участкалык шайлоо комиссияларынын толукталган жаны курамын бекитип берүү жөнүндө сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамын сактоо боюнча макулдук арызы бар жарандардын толукталган жаны тизмеси Талас шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын талапкерлери катары бекитилсин.
2. Участкалык шайлоо комиссияларына талапкерлердин толукталган жаны тизмесин бекитүү жөнүндөгү Талас шаардык кеңешинин чечими Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |