Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРЫДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2015-жылдын 5-июну № 186/22-6
Талас шаарынын 2020-жылга чейинки мезгилине туруктуу энергетикалык өнүгүүсү боюнча иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө
Энергетикалык ресурстарды пайдаланууну азайтуу багытындагы долбоорлорду (иш-чараларды) ишке ашыруу аркылуу, көмүркычкыл газын (СО2) азайтуу максатында иштелип чыккан Талас шаарынын 2020-жылга чейинки мезгилине туруктуу энергетикалык өнүгүүсү боюнча иш-аракеттер планын карап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2013-жылдын 26-июлундагы №36/7-6 токтому менен бекитилген Талас шаарынын 2013-2017-жылдарга карата туруктуу өнүгүү стратегиясына ылайык, Кыргыз Республикасынын "Энергияны үнөмдөө жөнүндө", "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" жана "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" мыйзамдарын жетекчиликке алый, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2020-жылга чейинки мезгилине туруктуу энергетикалык өнүгүүсү боюнча иш-аракеттер планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестеринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Н.Осмонов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |