Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРЫДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXIII сессиясы
2015-жылдын 22-июлу № 195/23-6
Талас шаарынын коопсуздугун камсыздоодо чөлкөмдүк тескөөчүлөр үчүн сатылып алынган “Nissan Brasso” автоунаасын Талас шаардык муниципалдык автотранспорттордун жана техникалардын реестрине киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2.5.пункттары, Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 5.8.9.пункттары жана Талас шаардык мэриясынын 2015-жылдын 21-июлундагы 01-1/813 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин 2015-жылдын 11-мартындагы №159/20-6 сандуу токтомуна ылайык Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн чөлкөмдүк тескөөчүлөрүнө сатылып алынган “Nissan Brasso” женил автоунаасын Талас шаарынын муниципалдык автотранспорттордун жана техникалардын реестрине киргизүү боюнча сунушун карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн чөлкөмдүк тескөөчүлөрүнө сатылып алынган “Nissan Brasso” женил автоунаасы Талас шаарынын муниципалдык автотранспорттордун жана техникалардын реестрине киргизилсин.
2. Реестрге киргизүү жагы Муниципалдык менчик башкармалыгына (Т.Киргабаков) милдеттендирилсин.
3. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |