Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРЫДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXIII сессиясы
2015-жылдын 22-июлу № 194/23-6
Курулушка жарактуу 1 м. куб теректин баасын өзгөртүп кайрадан бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31- беренесинин 4,5 пункттары жанаТалас шаарынын муниципалдык менчигиндеги айрым кооптуу теректерди кыюуда 1 м. куб курулушка жарактуу теректин баасын 3500 (үч мин беш жүз) сомдон 2500 (эки мин беш жүз) сомго чейин арзандатып, бекитип берүү жөнүндөгү Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу- мэриясынын 2015-жылдын 26-майындагы №51 чыгыш сандуу каты боюнча Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык, карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарында курулушка жарактуу 1 куб метр теректин баасы 2500 (эки мин беш жүз) сом болуп бекитилсин.
2. Муниципалдык менчик башкармалыгына (Т.Киргабаков) курулушка жарактуу 1 куб метр теректи бекитилген баага ылайык сатуу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду белгиленген тартипте массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |