Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРЫДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXIII сессиясы
2015-жылдын 22-июлу № 193/23-6
Талас шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жана Талас шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу боюнча жарандардын кезектүүлүгүн калыптандыруу тартиби жөнүндө жоболорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жер жана Граждандык кодекстерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык иштелип чыккан Талас шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жана Талас шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу боюнча жарандардын кезектүүлүгүн калыптандыруу тартиби жөнүндө жоболорун бекитип берүү жөнүндөгү Талас шаардык мэриясынын 2015-жылдын 19-февралындагы 01-4/172 сандуу катын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгү жоболор тиркемеге ылайык бекитилсин:
- Талас шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө;
- Талас шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу боюнча жарандардын кезектүүлүгүн калыптандыруу тартиби жөнүндө.
2. Талас шаардык мэриясы:
- Талас шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча Талас шаардык мэриясынын жумушчу комиссия курамын бекитсин.
- Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу- мэриясы Талас шаарында жеке менчик турак үй курууга жер участогун берүүнү тескеген ченемдик-укуктук актыларын ушул токтомго жана бекитилген жоболорго ылайык келтирсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Талас шаарынын биринчи вице-мэри А.Койчубековго жана Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына(А.Ажибаева) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |
1.1 Талас шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Жер кодекстерине, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө” жана “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобосуна жана жер боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана бош жерлер болгон шартта жер участокторун жеке менчик турак үй куруу үчүн акысыз берүүнүн тартибин жөнгө салат.
Жобо Талас шаарындагы жер участокторду жеке менчик турак үй куруу үчүн берүүдө негизги талаптарды аныктайт.
1.2 Берилчү объект болуп Талас шаарынын аймагында жайгашкан жана менчикке берилиши мүмкүн болгон жер участоктору эсептелет.
1.3. Бул Жобонун талаптары Талас шаарынын аймагындагы жеке менчик турак үй курууга катышкан шаар куруу-архитектура ишмердүүлүгүнүн бардык субъектилерине жайылтылат жана жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн бирдиктүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
1.4. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогу Талас шаарынын башкы планына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген деталдык пландаштыруу долбоорлоруна, жеке менчик турак үй куруу схемаларынын негизинде башкы планга ылайык берилет. Жеке менчик турак үй куруу схемалары Талас шаарынын шаар курулушу жана архитектура боюнча Талас шаардык башкармалыгы менен макулдашылат жана Талас шаардык мэриясынын токтому менен бекитилет. Токтомдо белгиленген жеке менчикк жер участоктордун саны жана жеке менчик турак үй куруу схемаларынын түп нускалары тиркелет. Жеке менчик турак үй куруу схемалары жана жер участоктордун санына өзгөртүү киргизүү Талас шаардык мэриясынын токтому менен ишке ашырылат.
Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгы жеке менчик турак үй куруу үчүн берилген жер участокторуна болгон менчик укуктарды Талас шаардык мэриясынын токтому менен бекитилген жеке менчик турак үй куруу схемасы жана жеке менчик турак үй курууга аныкталган жер участоктордун саны болгон учурда каттайт.
1.5 Талас шаарындагы бир жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогунун ченемдик аянты шаар куруу документтерине ылайык аныкталат, бирок 0,06 га ашпайт.
Жер участокторун бөлүү, долбоорлоо, куруу жана курулуп бүткөн имараттарды жана жайларды пайдаланууга кабыл алуу тартибинин бузулушу үчүн шаар куруу-архитектура ишинин субъектилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
1.6 Жеке менчик турак үй куруу үчүн берилчү жер участоктору үчүнчү жактардын укуктарынан бош болушу жана жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүргүзүү үчүн чектөөсүз болууга тийиш.
1.7. Талас шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу укугу Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй жарандарына таандык:
Талас шаарынын аймагында 1 жылдан кем эмес жашагандар;
Кыргыз Республикасынын (бүткүл) аймагы боюнча мурда жеке менчик турак үй курууга берилген жер участогу жоктор;
кийинки 5 жылдын ичинде сатуу-сатып алуу, алмашуу, тартуулоо ж.у.с. бүтүмдөрүн түзүп, менчигинде турган турак жайды үчүнчү жактарга берүү менен өзүнүн турак жай шарттарын начарлатуучу жарандык-укуктук иштерди жасабагандар;
1.8 Талас шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участоктору Талас шаарындагы жарандардын жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө тапшырган арыздарынын датасына ылайык жана Талас шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу боюнча жарандардын кезектүүлүгүн калыптандыруу тартиби жөнүндө жобосуна ылайык калыптанган кезек тизмедеги Кыргыз Республикасынын жарандарына кезегине жараша ирет менен берилет.
1.9 Жеке менчик турак үй курууга жер участогун алуу үчүн тийиштүү атайын укуктуу органдарга документ тапшырган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле документтерди берүүчү органдар алардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.
1.10 Жеке менчик турак үй куруу үчүн берилген жер участогун чегарасы натурасында (жеринде) аныкталганга жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документ жана турак үйдүн макулдашылган долбоору берилгенге чейин өздөштүрүүнү баштоого тыюу салынат.
1.11 Жеке менчик турак үйлөрдүн курулушу Талас шаарынын башкы планынын схемаларына, жеке менчик турак үй куруу зоналарына ылайык келүүсүнө Талас шаарынын шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы көзөмөл жүргүзөт.
1.12 Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогуна болгон жеке менчик укуктарды каттоо жана мамлекеттик акт берүү Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн мөөнөттө жүргүзүлөт.
Арыз берүүчү укук аныктоочу документтерди мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн мөөнөттө тапшырбаса арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
2.1 Талас шаарындагы жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторуна укук берүү боюнча Талас шаардык мэриясынын комиссиясынын (мындан ары - комиссия) курамы:
Талас шаарынын биринчи вице-мэри, комиссиянын төрагасы;
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу туруктуу комиссиясынын төрагасы, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Комиссия мүчөлөрү:
Талас шаардык мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча башкы адиси, комиссиянын катчысы;
Талас шаардык мэриясынын башкы адис-юристи;
Талас шаарынын шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгынын жетекчиси;
Талас шаардык аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун төрагасы;
2.2 Комиссиянын персоналдык курамы Талас шаардык мэриясынын буйругу менен бекитилет.
2.3 Комиссия убактылуу негизде, бирок айына 1 жолудан кем эмес иштейт. Комиссиянын утурумдук иштерин комиссиянын катчысы, Талас шаардык мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча башкы адиси алып барат.
2.4 Талас шаарынын шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчисинин милдетине төмөнкүлөр кирет:
комиссиянын отумдарын өткөрүү үчүн керектүү материалдарды жана документтерди даярдоо, анын ичинде: курулуштук нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен участоктун чегараларын аныктоо жана 1:500 масштабындагы топографиялык негизде аткарылган схеманы даярдоо;
санитардык, өрткө каршы жана башка кызматтарга бөлүп берүү белгиленип жаткан жер участогун пайдалануунун шарттары жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуунун шарттары жөнүндө суроо жиберүү;
алынган маалыматтардын негизинде жер участогун пайдалануунун мүмкүндүктөрү жөнүндө жалпыланган техникалык корутунду түзүү.
2.5 Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгынын жетекчисинин милдетине төмөнкүлөр кирет:
жер участогунун документте белгиленген чегараларга жана аянттарга туура келишин натурасында текшерүү;
жеке менчик турак үй куруу үчүн берилчү жер участокторунун чегараларын чектеш жер участокторунун менчик ээлери же пайдалануучулары менен макулдашуу;
сервитуттар же башка чектөөлөр бар же жок экенин текшерүү.
Материалдар Комиссиянын сектетарына тапшырылат.
2.6 Жеке менчик турак үй куруу үчүн бөлүп берүү белгиленген ар бир жер участогу боюнча Комиссиянын секретары тарабынан маалыматтык пакет түзүлөт, ага төмөнкүлөр кирет:
жер участогу жайгашкан орун (дареги), кадастрлык номери (эгер болсо);
жер участогунун планы анын чегараларын, сервитуттар колдонулуучу чегараларын чийүү менен;
инженердик коммуникациялардын ар кыл түрлөрүнө кошуунун шарттары жана болжолдуу наркы жөнүндө жалпыланган корутунду.
2.7 Комиссия, Кыргыз Республикасынын жарандарынан түшкөн материалдарды жана аныкталган тартипте изилдейт жана жер участогун берүү же жер участогун берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгарат.
2.8. Комиссиянын отурумунда, комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиси катышса, комиссия чечим кабыл алууга укуктуу. Комиссиянын чечими, комиссия мүчөлүрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен ачык шайлоо менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калса, төрагалык кылуучунун чечими чечүүчү болуп саналат.
2.9 Комиссиянын чечими тийиштүү протокол менен таризделет, ал жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө токтомун даярдоого жана жер участогуна жеке менчик укук жөнүндө мамлекеттик актыны берүүгө негиз болот.
2.10 Комиссиянын отурумун протоколунун көчүрмөсү арыз берүүчүгө тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин 3 күндүн ичинде берилет.
1.1 Талас шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу боюнча жарандардын кезектүүлүгүн калыптандыруу тартиби жөнүндө Жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Жер кодекстерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык иштелип чыкты.
Жобо Талас шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу боюнча жарандардын кезектүүлүгүн калыптандыруудагы негизги талаптарды аныктайт.
1.2 Бул жобонун талаптары Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, атап айтканда: турак үйдү курууга жер участогун алууга укуктуу Кыргыз Республикасынын жарандарына гана жайылтылат жана Талас шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу боюнча жарандардын кезектүүлүгүн калыптандыруунун бирдиктүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
1.3. Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу үчүн талапкер адам Талас шаардык мэриясына төмөнкүдөй документтерди тапшырат:
- аныкталган формадагы арыз;
- ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү;
- Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгынын анын менчик укугундагы турак жайы же жеке менчик турак жай куруу үчүн мурда берилген жер участогу жоктугу тууралуу маалымкаты;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер болсо);
- эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан учурда иштеген жеринен өтүнүч (жарандын каалоосу боюнча берилет);
- атайын укуктуу мамлекеттик органдын жумушсуздук статусу бар экенин ырастаган маалымкаты;
- турак жай шарттарын текшерүү актысы (жеке же биргелешкен менчик турак жайы бар болгон учурда);
- жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат.
1.4 Жеке менчик турак үй курууга жер участогун алуу үчүн документ тапшырган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле документтерди берүүчү органдар алардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.
2. Талас шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу боюнча жарандардын кезектүүлүгүн калыптандыруу тартиби жана Талас шаардык мэриясынын комиссиясынын курамы.
2.1 Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун алуу боюнча арыздарды кабыл алуу жана каттоо, арыздарды жана тапшырылган документтерди сактоону Талас шаардык мэриясынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адиси жүргүзөт.
2.2 Докуметтерди кароону жана Талас шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу боюнча жарандардын кезек тизмесин (мындан ары – кезек тизме) калыптандырууну Талас шаарындагы жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторуна укук берүү боюнча Талас шаардык мэриясынын комиссиясы жүргүзөт (мындан ары - комиссия).
2.3 Комиссия туруктуу негизде, арыздардын келип түшүүсүнө жараша иштейт. Комиссиянын утурумдук иштерин комиссиянын катчысы, Талас шаардык мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча башкы адиси алып барат.
2.4 Комиссиянын арыз берүүчүнү кезек тизмеге киргизүү тууралуу чечими протокол менен таризделет.
2.5 Кезек тизме, Талас шаарында жарандардын жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу боюнча тапшырган арыздарынын датасына ылайык комиссия тарабынан 31-декабрга карата 2 экземплярда калыптанат. Калыптанган кезек тизме көктөлөт, катар сандар коюлат, Талас шаардык мэриясынын мөөрү басылат, Талас шаарынын биринчи вице-мэри кол коет жана Талас шаарынын мэри бекитет.
Кезек тизменин бир экземпляры депутаттардын Талас шаардык кеңешине көзөмөл жүргүзүүгө берилет, бир экземпляры Талас шаардык мэриясында сакталат.
Кезек тизме ар жыл сайын жаңыланып турат.
Жаңыланган жана бекитилген кезек тизменин көчүрмөсү Талас шаардык мэриясынын жарандарга көрүнүктүү болгон жерге жайгаштырылат.
2.6 Арыз берүүчүнүн жашаган жери же мурда тапшырган документтердин мазмуну алмашканда, арыз берүүчү жаңыланган документтерди тиркөө менен жазуу түрүндө билдирүүгө милдеттүү.
2.7 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул жобонун талаптарын бузган жарандар комиссиянын чечими менен кезек тизмеден чыгарылат.
3. Талас шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу боюнча жарандардын кезектүүлүгүн калыптандыруу жана арыздарды каттоо китепчесин тариздөө тартиби
3.1 Ушул Жобонун 1.3. пунктунда көрсөтүлгөн документтер болгон учурда жарандардын жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө арыздары арыздарды каттоо китепчесинде катталат. Жарандардын жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө арыздары катталгандан кийин комиссиянын отурумуна кароого киргизилет.
3.2 Комиссиянын арыз берүүчүнү кезек тизмеге киргизүү жөнүндөгү чечимине ылайык, арыз берүүчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, арыз тапшырылган дата, комиссиянын протоколунун номери жана арыз берүүчү жөнүндө маалыматтар кезек тизмеге киргизилет жана арыздарды каттоо китепчесине каттоо жүргүзүлөт.
3.3 Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу жөнүндө арыздары жана тапшырылган документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарына туура келбесе, комиссия арыз берүүчүнү кезек тизмеге киргизбөө жөнүндө чечим кабыл алат, бул тууралуу арыздарды каттоо китепчесинде каттоо жүргүзүлөт. Арыз берүүчүгө кат жүзүндө баш тартуу жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт. Тапшырылган документтер арыз берүүчүгө кайтарылбайт.
3.4 Комиссия тарабынан калыптанган кезек тизме жана арыздарды каттоо китепчеси ар бир баракта пробели жок жана интервалдары чоңойтулбастан көктөлөт, катар номери коюлат жана Талас шаардык мэриясынын мөөрү менен бекитилет.