Редакцияот 16.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 16-апрели № 182

Кызыл-Суу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

Кызыл-Суу айылдык кеңешинин сессиясы Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынчы башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 37 беренесине ылайык жана Кызыл Суу айыллык кеңешинин 26-чакырылышынын 19 сессиясынын эсептөө комиссиясынын 1.2 протоколунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Суу айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 19-сессиясынын эсептөө комиссиясынын 1,2 протоколдору бекитилсин.

2. Кызыл-Суу айылдык кеңешинин төрагасы болуп Алымов Манас шайланды деп эсептелсин.

3. Кызыл-Суу айыл аймагынын жашоочуларынын көпчүлугу кыргыз тилинде суйлөгөндүктөн, токтом мамлекеттик тилде даярдалып, массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жагы жана юстиция министрлиги тарабынан ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү боюнча иш жүргүзүү айыл өкмөтүнүн юридикалык маселелер боюнча башкы адиси А.Молдоибраевага тапшырылсын.

 

Кызыл-Суу айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Н. Бекбоев