Редакцияот 22.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРЫДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXIII сессиясы

 

2015-жылдын 22-июлу № 197/23-6

Талас шаарынын түштүк чек арасындагы Калба айыл аймагынан бөлүнүп берилген 100,0м.кв. жер тилкесиндеги Беккера чункурун реестрге киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31- беренесинин 2.5.пункттары, Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 5.8.9.пункттары жана Талас шаардык мэриясынын 2015-жылдын 21-июлундагы 01-1/813 чыгыш сандуу катынын негизинде Талас шаарынын түштүк чек арасындагы Калба айыл аймагынан бөлүнүп берилген 100,0м.кв.жер тилкесиндеги Беккера чункурун Талас шаарынын реестрине киргизүү жөнүндө сунушун карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас шаарынын түштүк чек арасындагы Калба айыл аймагынан бөлүнүп берилген 100,0м.кв.жер тилкесиндеги Беккера чункуру Талас шаарынын реестрине киргизилсин.

2. Реестрге киргизүү жагы Муниципалдык менчик башкармалыгына (Т.Киргабаков) милдеттендирилсин.

3. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) тапшырылсын.

 

Төрага

А. Джузупбеков