Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРЫДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXIII сессиясы
2015-жылдын 22-июлу № 196/23-6
Талас шаарынын Ч.Сатаев көчөсүндөгү № 52 үйүнүн чыгыш тарабында орнотулган электр көмөк чордонун реестрге киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2.5.пункттары, Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 5.8.9.пункттары жана Талас шаардык мэриясынын 2015-жылдын 21-июлундагы 01-1/813 чыгыш сандуу катынын негизинде Талас шаарынын Ч.Сатаев көчөсүндөгү №52 үйүнүн чыгыш тарабында орнотулган электр көмөк чордонун Талас шаарынын реестрине киргизүү боюнча сунушун карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Ч.Сатаев көчөсүндөгү №52 үйүнүн чыгыш тарабында орнотулган электр көмөк чордону Талас шаарынын реестрине киргизилсин
2. Реестрге киргизүү жагы Муниципалдык менчик башкармалыгына (Т.Киргабаков) милдеттендирилсин.
3. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |