Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРЫДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2015-жылдын 5-июну № 179/22-6
Оторбаев көчөсүнүн батыш тарабына инвестициялык жол менен курулуп жаткан футбол талааларынын жер арендасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын Талас облустук регионалдык бөлүмүнүн кайрылуусун жана Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясы жана Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт курулуш ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссияларынын протоколдук сунуштарына жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2 бөлүгүнүн 4.5.пункттары, КРнын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 19-беренесине ылайык карап талкуулап чыгып, Талас шаарында балдар жана жаш өспүрүмдөр арасында футбол спортун өнүктүрүү жана ден соолуктарын чындоо максатында Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарында А.Оторбаев көчөсүнүн батыш тарабында КРнын Футбол федерациясы тарабынан инвестицияланып, курула турган кичи футбол талаасы үчүн 2500 кв.м. жер тилкеси ижарага берилсин жана ижара келишиминдеги эсеп коэфиценттери 50 пайызга азайтылып берилсин жана төмөндөгү женилдиктер каралсын.
- Жер тилкесине аренда төлөмдөрү курулуш иштери толук аяктап, обьект ишке берилген күндөн баштап эсептелсин.
- Обьект ачык асман алдында тургандыктан сезондук факторлорго байланыштуу күз кыш мезгилдери (ноябрдан апрелге чейин) аренда төлөмдөрү токтотулсун.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |