Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРЫДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2015-жылдын 5-июну № 174/22-6
Талас шаарынын 2016-2018-жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорунун планы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-мартындагы №103-Буйругунун негизинде Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясы тарабынан сунушталган Талас шаарынын 2016-2018-жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорунун планын КРнын жергиликүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2.3.пункттарына ылайык карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2016-2018-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоорунун планы жактырылсын.
2. Токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |