Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРЫДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2015-жылдын 5-июну № 173/22-6
Талас шаардык салык кызматынын жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу жана салык базасын кенейтүү боюнча иш аракеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесине, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2015-жылга карата иш планына, Талас шаардык кенешинин XX сессиясынын протоколдук чечими жана Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушуна ылайык карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык салык кызматынын жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу жана салык базасын кенейтүү боюнча иш аракеттери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн толтурууга карата план тапшырмалардын аткарылышын камсыздоо боюнча шаардык салык кызматынын (А.Чынкожоев) жалпы ишмердүүлүгү жана 2015-жылдын 6 айында аткарган иштеринин жыйынтыгы Талас шаардык кенешинин кезектеги сессиясында каралсын жана төмөнкү маалыматтарды толук камтуу жагы белгиленсин.
- Талас шарында салык түрлөрүнүн бир айлык келишимдик, патенттик жана контрактык өлчөмдөрүн аныктоо
- Талас шаарында НДСтин санын тактоо
- Дүн соода түйүндөрү жана курулуш соода дүкөндөрүнүн санын аныктоо
- Шаардагы мейманкалардын жалпы санын аныктоо
3. Бул токтомду белгиленген тартипте массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р. Мамбетов) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |