Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРЫДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2015-жылдын 5-июну № 180/22-6
Талас шаарында муниципалдык автотранспорттордун жана техникалардын реестрин бекитүү жөнүндө
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2015-жылдын 12-майындагы №01-1/525 сандуу катынын негизинде жана Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31 беренесинин 2.5.пункттары, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 5,8,9, пункттарына ылайык , Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Муниципалдык автотранспорттордун жана техникалардын реестри бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Жаңы багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Осмонов) жүктөлсүн.
Төрага | А. Джузупбеков |