Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРЫДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2015-жылдын 5-июну № 176/22-6
Талас шаардык К.Конурбаев атындагы Баластан балдарга билим берүү борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2015-жылга карата иш планынын жана Талас шаардык кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесине ылайык карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык К.Конурбаев атындагы Баластан балдарга билим берүү борборунун ишмердүүлүгү “канаттандырарлык” деп табылсын.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясы борбордун жетекчисине карата мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү боюнча сунуш берүү жагы эске алынсын.
3. “Баластан” Балдарга билим берүү борборунан билим, тарбия алууну каалоочулардын көптүгү эске алынып, кошумча имарат берүү боюнча иш чараларды көрүү жагы Талас шаардык мэриясына (А.Кушубеков) тапшырылсын.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Д.Абакиров) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |